2024-03-18


Тамак-аш ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу


18.03.2024 күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы т.и.к., доцент Анарсейит Дейдиев Шопоков шаарчасында жайгашкан ОсОО "Ай-Зи" ун өндүргөн ишкананын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда өндүрүшчүлөр Кыргыз-Түрк Манас университети менен кызматташууга даяр экендигин билдиришип, студенттерге жумушчу орундар жана практика өтүүгө квоталар бар экендигин баса белгилешти. Учурда ишкана 4 лаборант жумушчу позициясы бар экендигин маалымдашты.