2024-04-23


ОсОО "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" компаниясынан студенттерибизге мүмкүнчүлүктөр


2024-жылдын 5-апрель  күнү тамак-аш инженерлиги бөлүм башчысы т.и.к., доцент Дейдиев Анарсейит жана т.и.к. Бодошов Айбек агайлар тарабынан инженердик факультеттин экология инженерлиги, тамак-аш инженерлиги жана химия инженерлиги бөлүмдөрүнүн 3-курс жана 4-курс студенттери менен  ОсОО "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" компаниясынын президенти т.и.к., профессор Садыров Октябрин Алымбекович менен жолугушуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара университетибиздин  К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында саат  10.00 -12.00 убакыт аралыгында өткөрүлүп, жолугушууда  ОсОО "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" компаниясы  студенттерге компания жана компаниядагы жумуш жана практика өтүү мүмкүнчүлүктөру тууралуу маалыматтарды берип, студенттердин суроолрруна жооп берүү менен компанияга жумушка келүүсүнө чакырып кетти.