2024-09-06


Энергиянын өтүшү – эртеңки күч!


2024-жылдын 5-сентябрь айында Бишкектеги Германия Элчилиги менен GIZ биргеликте “Өткөөл мезгилдеги энергия – эртеңки күч” көчмө көргөзмөсүнүн ачылышына инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курсунун студенттери тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучу Др. Айгуль Усубалиева жетекчилиги астында уюштурулуп, катышышты. Климаттын өзгөрүшүнүн таасири дүйнө жүзү боюнча сезилип, адамдын жашоосунда, бардык жактан таасир болуп жаткандыгы жана инновациялык чечимдерге болгон муктаждык болуп жаткандыгы актуалдуу болуп саналат. Бул көргөзмөдө студенттер интерактивдүү экспонаттар кайра жаралуучу энергия, жакшы мобилдүүлүк жана энергияны туура колдонуу темалары туралуу кызыктуу маалыматтарды алышты. Студенттер «Энергетикалык өтмөк – глобалдык тенденциялар жана жергиликтүү көйгөйлөр» темасындагы кызыктуу лекцияга катышышты. Лекцияны германиялык эксперт, доктор Юлия Террапон-Пфафф өткөрдү.