2024-10-17
2024-жылдын 15-октябрь айында инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш күнүнө арналган иш чара бөлүмдүн ага окутуучусу Др. Айгуль Усубалиеванын жетекчилиги астында 3-курстун студенттери менен уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарага тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы Анарсеит Дейдиев ачылыш сөзүн сүйлөп, жалпы профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө салттуу болуп келген «Тамак-аш күнүнө” карата “Акыл таймаш” оюну, жарышмалар жана концерттик программа менен коштолду. Иш-чара сертификаттарды тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.