2024-12-27


Студенттерибиз ОсОО "Яшар Групп" ишканасында экскурцияда


20.12.2024 ж. күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Айгүл Усубалиева жана илимий кызматкери Айбек Бодошов жетекчилиги астында  Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 2-3-курстун студенттери ОсОО  "Яшар Групп" ишканасында  экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу  маалыматтарга ээ болушту.