2025-01-10


Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Инженердик Факультетинин Жапонияга Илимий Сапары


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Инженердик факультетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн окутуучулары Др. Айбек Бодошов, доцент м.а. Руслан Адил Акай тегин жана Химия бөлүмүнүн студенти Алтынай Субанбекова менен Тамак-аш инженерлиги бөлүмү студенти Алия Шайбекова Сакура илимий алмашуу программасынын алкагында 2024-жылдын 17-24-декабрь күндөрү Жапониядагы Кумамото университетине иш сапар менен барышты.

Сакура илимий алмашуу программасы Жапония мамлекетиндеги илимий институттарда кыска мөөнөттүү изилдөөлөрдү жана тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштурууга багытталган. Бул иш сапар Инженердик факультеттин декан орун басары, доцент Айчүрөк Мажитованын жетекчилиги астында жана Кумамото университетинин профессору Макото Такафуджинин чакыруусу менен ишке ашты.

Сапардын алкагында студенттер Кыргызстандын маданиятын таанытуу максатында лекция окуп беришсе, окутуучулар илимий лекцияларды сунуштап, Кыргыз-Түрк Манас университетинде жүргүзүлүп жаткан илимий иштер боюнча баяндама жасашты. Ошондой эле эки университеттин ортосунда келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар болду.

Мындан тышкары, иш-чара учурунда Кыргыз-Түрк Манас университетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда Кюшу университетинде (Kyushu University) билим алып жаткан бүтүрүүчүлөр Алимжан Калбеков жана Алтынай Абдирашид кызы, ошондой эле Кумамото университетинде кош диплом программасы аркылуу окуп жаткан Жийде Токпаева катышты.