2025-02-19


“Сыр өндүрүү өзгөчөлүктөрү” аттуу окутуу-практикалык иш-чара (Мастер класс)


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Др. Айгул Усубалиева жана Др. Айбек Бодошов тарабынан уюштурулуп жаткан “Сыр өндүрүү өзгөчөлүктөрү” аттуу окутуу-практикалык иш-чарасы 20-февраль саат 10.00 до Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 422 номурлуу лабораториясында өткөрүлөт. Бул иш-чарага "Ат-Башы Сүт" ишканасынын башкы адиси Кыргызбаева Жибек Асанакуновна катышып, кээ бир сыр түрлөрүн алуунун технологиялары тууралуу маалыматтар менен мастер форматында бөлүшөт. Иш-чарабызга бардык студенттерибизди жана профессордук-окутучулук курамды чакырабыз.



Dosya 1