2025-02-26
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Др. Айгул Усубалиева жана Др. Айбек Бодошов тарабынан уюштурулуп жаткан “Тамак-аш суусундуктарынын органолептикасын баалоо” аттуу окутуу-практикалык иш-чара (Семинар)” аттуу окутуу-практикалык иш-чарасы 27-февраль саат 13.30 да К. Тыныстанов атындагы конференция залында өткөрүлөт. Бул иш-чара "ЖЧК "Экопродукт Азия" ишканасы тарабынан колдоого алынган. Иш-чарабызга бардык студенттерибизди жана профессордук-окутучулук курамды чакырабыз. Иш-чаранын программасы төмөндө берилген:
Тема: “Тамак-аш суусундуктарынын органолептикасын баалоо”.
Уюштуруучу бөлүм: Тамак-аш инженерлиги бөлүмү
Иш-чаранын түрү: Окутуу-практикалык иш-чара (семинар)
Датасы, жери: 27.02.2025. саат 13.30, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К. Тыныстанов атындагы конференция залы
Иш-чаранын төрагасы: Ага окутуучу, х.и.к. Усубалиева Айгүл.
Иш-чаранын жардамчылары: РhD., илимий кызматкер, Айбек Бодошов
Программа
13.30 - 13.35: Ачылыш сөз. Коноктор менен тааныштыруу.
13.35 - 13.45: ачылыш сөз:
- Тамак-аш инженерлиги бөлүм башчысы, доцент, т.и.к. Дейдиев Анарсеит Уркунбаевич.
- КТУ Манас проректору, PhD., профессор Камалбек Карымшаков Тологонович.
- Инженердик факультетинин деканы, доцент, б.и.к. Тотубаева Нурзат Эрмековна.
- ЖЧК "Экопродукт Азия" генералдык директору Исираилов Бактыбек Мамбетович
13.45 - 14.15: ЖКЧ "Экопродукт Азия" өндүрүшүнүн маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Анарбекова Милана Анарбековна. Дегустация өткөрүү тууралуу маалымат.
14.15-14.30: Суроо-жооп, талкуулоо
14.30-14.40: Катышуучуларга сертификат тапшыруу. Сүрөткө түшүү. Жыйынтыктоо.
14.45-16.45: Дегустация өткөрүү практикасы (105; 106 ауд.).