2025-02-28


“Тамак-аш суусундуктарынын органолептикасын баалоо” аттуу окутуу-практикалык иш-чара (Семинар) өткөрүлдү


2025-жылдын 27-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультеттин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Др. Айгул Усубалиева жана Др. Айбек Бодошов тарабынан уюштурулган “Тамак-аш суусундуктарынын органолептикасын баалоо” аттуу окутуу-практикалык иш-чара болуп өттү. Семинарды тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы доцент Анарсеит Дейдиев ачылыш сөзүн сүйлөп, аталган бөлүмдүн профессордук-окутуучулар курамы жана университеттин аркайсыл факультеттеринин 1-2-3-4-курсунун студенттери катышышты. Иш-чарага ЖЧК "Экопродукт Азия" ишканасынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Анарбекова Милана Анарбековна дегустация өткөрүү тууралуу окутуп-үйрөтүү презентациясын сунуштады. Семинардын темасында студенттер жана окутуучулар тарабынан көптөгөн суроолор берилип, кызуу талкуулар жүргүзүлдү. Практикалык бөлүгүндө өндүрүш тарабынан алынып келинген жаңы суусундуктардын органолептикалык көрсөткүчтөрүн  баалоо үчүн дегустациялоо студенттер арасында жүргүзүлүп, кызыктуу талкуулоолор менен өттү. Иш-чара сертификаттарды тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.