2025-03-03


Студенттерибиз АТА фабрикасында экскурцияда


28.02.2025 күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн илимий кызматкери Айбек Бодошов жана бөлүмдүн ага окутуучусу Айгүл Усубалиева жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 1-, 2-3-курстун студенттери АТА фабрикасында  экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу  маалыматтарга ээ болушту.