2025-04-14
Инженердик факультеттин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн доценти, х.и.к. Усубалиева Айгулдун жетекчилиги астында 3-курсунун студенттери "gofood.manas" cтуденттик клубу менен биргелешип 2025-жылдын 8-апрель айында балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборундагы ымыркайлардан баштап 4-жашка чейинки бөбөктөр үчүн “Балдар үйүнө жардам көрсөтүү” иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарада балдарга муктаж болгон белектер берилди. Мындай форматтагы иш-чаралар студенттерибизге жана жаштарга Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык "Ачкачылыкты жоюу" жана "Жакшы ден-соолук жана бакыбаттуулук" беренелерине ылайык социалдык жоопкерчилик жаатында жакшы иш-чара болуп саналат.