2025-04-21
2025-жылдын 10-февралынан 15-мартына чейин Борбор Азия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөн эл аралык деңгээлдеги “Борбор Азиянын мыкты студенти” аттуу конкурсунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тамак-аш инженерлиги бөлумү студенти Дамиров Адылхан жогорку жыйынтык көрсөтүп, аталган наамга ээ болду.
Конкурс эки этапта уюштурулган:
Дамиров Адылхан “Илим” багыты боюнча катышып, биринчиликти багынтты. Ал “Борбор Азияда азык-түлүк илиминин келечеги” темасында жогорку деңгээлдеги илимий презентация жасап, калыстар тобунун жана катышуучулардын жогору баасына татыды.