2025-04-21


“Ийгилик сырлары” иш-чарасы уюштурулду


2025-жылдын 14-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Инженердик факультетинин Тамак-аш инженериясы кафедрасынын доценти Жылдызай ӨЗБЕКОВАНЫН жетекчилиги астында IIBF A-201 залында “Ийгилик сырлары” иш-чарасы уюштурулду. Бул иш чарага бөлүм бүтүрүүчүлөрү, ОсОО "Яшар Групп" Сапат боюнча улуу инженери Бермет СУЛТАНОВА, « ОсОО "АТА Кондитер фабрикасы Лтд" технологу Дарика АСЫЛБЕКОВА, «Coca-Cola Bishkek-Bottlers» компаниясынын техникалык адиси Эрбол УСМАНАЛИЕВ, бүтүрүүчүбүз ХАЛАЛ» компаниясында стажер болуп эмгектенип жаткан Фаризат Кошалиева жана  IT тармагында иштеп жаткан бүтүрүүчүбүз Теңизгүл Рыспекова катышты. Иш-чарага тамак-аш инженерия бөлүмүнүн бардык курстарынын студенттери жана кафедранын окутуучулары катышты.

Бул иш-чарада, доц. Жылдызай ӨЗБЕКОВАНЫН ачылыш сөзүнөн кийин конок катары чакырылган ар бир бүтүрүүчүбүз студенттик жашоосу, иштеген жериндеги милдеттери жана башка ишиндеги маанилүү маселелер тууралуу маалымат беришти. Бул иш-чаранын негизги максаты тамак-аш инженериясы факультетинин бүтүрүүчүлөрү жана студенттери менен жолугуп, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүбүз менен жакындан таанышуу, алардын иш тажрыйбалары, жумуштагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору, ийгилик сырлары, ишке орношуу, ишке киришүү, резюме даярдоо боюнча керектүү маалыматтар менен бөлүшүү. Кошумчалай кетсек, бул иш-чарада бүтүрүүчүлөрүбүз студенттерибиздин ар кандай суроолоруна жооп беришти.