2025-05-26


Китепкөй мектеп социалдык иш-чара өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмү жылдык планында бекитилген "Китепкөй мектеп" социалдык иш-чарасы 23.05.2025 күнү өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Ленин районундагы Султан Акмат кайрымдуулук мекемесине мекеменин окучуулары тарабынан суралган 20 даана илимий көркөм, адабий жанрдагы  китептер тапшырылды. Мунун алкагында Султан Акмат кайрымдуулук мекемесинин китепкана фондуна жардам көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында окуучуларга Кыргыз-Түрк "Манас" университети тууралуу кенен маалыматтар дагы берилди. Иш-чарага колдоо көрсөткөндөр терен ыраазычык билдиребиз.