2025-10-02
01.10.2025 ж. күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн х.и.к., ага окутуучусу Айгүл Усубалиева жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 4-курстун студенттери ЖКЧ «Кондитерский Дом «Куликовский» ишканасында экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу маалыматтарга ээ болушту.