2025-10-23
24.10.2025 күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн илимий кызматкери Айбек Бодошов жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 2-курсунyн студенттери Шопоков шаарында жайгашкан АТА фабрикасында экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу маалыматтарга ээ болушту. АТА кондитердик фабрикасында узун жылдар бою эмгектенип келе жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз Дарика Асылбекова жана Анара Аралбек кызы тарабынан студенттерге аны технологиялар тууралуу абдан пайдалуу маалыматтар берилди.
.jpeg)
