2025-11-25


Студенттерибиз ОсОО «Let's Go Drinks!» компаниясында экскурцияда


20.11.2025 күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн илимий кызматкери т.и.к. Айбек Бодошов жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 2-курсунyн студенттери Бишкек шаарында жайгашкан ОсОО «Let's Go Drinks!»  компаниясында экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу  маалыматтарга ээ болушту. ОсОО «Let's Go Drinks!»  компаниясында  эмгектенип келе жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз Камила Исмаилова жана Акылай Нурлайманова тарабынан студенттерге  технологиялар тууралуу абдан пайдалуу маалыматтар берилди.