2026-02-26
25.02.2026 күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Др. Айдайкан Касымакунова жана илимий кызматкер Др. Айбек Бодошов жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-курсунyн студенттери Ысык-Ата районунда жайгашкан Тойбосс ишканасында экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, сапат контрол системалары болгон: ИСО 22000, НАССР, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу маалыматтарга ээ болушту. Тойбосс ишканасында узун жылдар бою эмгектенип келе жаткан бүтүрүүчүбүз Бексултан Тажыбеков тарабынан студенттерге аны технологиялар тууралуу абдан пайдалуу маалыматтар берилди.