2026-03-05
Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 2-курс студенттери Бодошов Айбек агайдын жетекчилигинде 04.03.2026 күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине экскурцияга барышты. Экскурцияда студенттер Жыйындар залындагы отурумга, Жогорку Кенештин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Мындан сырткары студенттер Жогорку Кенештин депутаттары Бекешев Дастан Далабаевич жана Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна менен жолугуп, суроо жооп иретинде талкуу кылышты. Жыйындар залында студенттер депутаттарга өздөрүнүн суроолорун берүүгө жетишишти.



