2026-04-01
01.04.2026 күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн илимий кызматкери т.и.к. Айбек Бодошов жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 1-, 2- жана 4-курсунyн студенттери Жал айылында жайгашкан ОсОО "Жал Винком" ишканасында экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, сапат контрол системалары болгон: ИСО 22000, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, аппараттар, алардын иштөө принциптери тууралуу маалыматтарга ээ болушту. ОсОО "Жал Винком" ишканасында эмгектенип келе жаткан бүтүрүүчүбүз Айгерим Жээналиева тарабынан студенттерге аны технологиялар тууралуу абдан пайдалуу маалыматтар берилди.

