2026-04-01
01.04.2026 ж. күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн х.и.к., ага окутуучусу Айгүл Усубалиева жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курстун студенттерине жана профессордук окутуучулар курамына “Кыргызстан археологиясы, байыркы тамак-аш менен байланыштуу табылгалар” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды белгилүү археолог проф. Кубатбек Табалдыев Шакиевич окуп, катышуучуларга Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди сактап калуу жана тамак-аш тармагы менен байланыш болгон маанилүү археологиялык табылгалар, өзгөчө жаңы касып алуулардагы жаңылыктар тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Семинарда суроолор берилип, кызыктуу талкуулар жүргүзүлдү. Илимий семинар, чакырылган лекторго сертификат тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи менен бүттү.
