2026-04-01


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4 курстарына "Билим жана илим – прогресстин булагы" аттуу семинары уюштурулду


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн х.и.к., ага окутуучусу Айгүл Усубалиева тарабынан  01.04.2026 ж. күнү саат 10.00 дө тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курстун студенттерине билим жана илим багытында ишмердүүлүктү улантуу максатында мотивациондук семинар өткөрүлдү. Семинарда чет өлкөлөрдө белгилүү программалар жана КТУ Манас университетинде магистратурада, докторантурада билим алуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар берилди. Студенттер тарабынан илим жана билим темасында кызыккан суроолор берилип, талкуулар жүргүзүлдү. Семинар жалпы сүрөткө түшүү аземи менен бүттү.