2026-04-10


Күмтөр Голд Компаниясынан Семинар


9-апрель 2026-жылы Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, учурда ЖАК Күмтөр Голд алтын кен Компаниясында Тамактанууну уюштуруу Координатору болуп эмгектенген Аскар Осмонов тарабынан жана тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 2-курс студенттеринин уюштуруу иштеринин натыйжасында бөлүмдүн бардык 4 курсунун студенттерине ЖАК Күмтөр Голд алтын кен Компаниясында Тамактанууну уюштуруу системасы, компанияда Стажировка жана ишке кирүү мүмкүнчүлүктөрү тууралы кенен маалымат пакетин камтыган Семинар өткөрүлдү. Бул семинарга тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн профессордук-окуутучулар курамы жана бөлүмдүн студенттери катышышты. Семинар презентация, суроо-жооп форматында өтүп, жакшы жана кызыктуу суроо бергендерге атайын белектерди тапшыруу  менен коштолду. ЖАК Күмтөр Голд алтын кен Компаниясы менен келечекте кызматташуу тууралуу сунуштар каралды.