2026-05-13


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курсунун студенттери ветеринария факультетинин паразиталогия лабораториясында экскурсияда


2026 жылдын апрель айында тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-4-курсунун студенттери GMB-304 “Тамак-аш чийки заттарын жана чала даярдамаларды сактоо” сабагына байланыштуу ветеринария факультетинин паразиталогия лабораториясында экскурсияда болушуп, факультеттин проф. Руслан Салыков тарабынан тиешелүү темаларда кызыктуу маалыматтарды алышты. Бөлүмүбүздүн студенттери ветеринария багытында эт жана сүт чийки азыктарына тиешелүү кызыктырган суроолорду беришип талкуулар жүргүзүлдү. Иш-чара тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн х.и.к., ага окутуучусу Айгүл Усубалиеванын жетекчилиги астында уюштурулду. Студенттер ветеринария факультетине ыраазычылык билдиришип, жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.