2026-10-14
2026-жылдын 13-октябрь айында инженердик факультетибиздин тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш күнүнө арналган иш чара тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-курстун студенттери, бөлүмүбүздүн Go Food студенттик клубу менен бөлүмдүн окутуучусу Др. Айбек Бодошовдун жетекчилиги астында уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарага тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн бөлүм башчысы Анарсейит Дейдиев ачылыш сөзүн сүйлөп, жалпы профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө салттуу болуп келген «Тамак-аш күнүнө” карата “Акыл таймаш” оюну, Кош келдин 1-курс аттуу куттуктоо жана концерттик программа менен коштолду. Иш-чара сертификаттарды тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

.jpeg)
