МИССИЯ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Өнөр жай инженерлиги бөлүмүнүн миссиясы болуп инновациялык, сапаттуу академиялык программалар жана тиешелүү изилдөөлөрдүн жардамы менен илим, өнөр-жай жана өкмөт менен өнөктөштүктө коомдун өзгөрүп жаткан муктаждыктарына жана чакырыктарына жооп берүү аркылуу өнөр жай инженерлиги кесибин өнүктүрүү болуп саналат.

Заманбап билим берүү аркылуу биз социалдык жана этикалык жактан жоопкерчиликтүү, өзүн өзү үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана өнөр-жай инженерлиги боюнча билимдерин  колдонуу менен өз мекемелери жана коомчулук үчүн баалуулуктарды түзүүгө умтулган ишкерлерди жана лидерлерди даярдайбыз.

Изилдөөлөр аркылуу биз өнөр жай инженерлиги билиминин чектерин кеңейтебиз, технологиялык инновацияларды өркүндөтөбүз жана көп дисциплинардык академиялык чөйрөнү түзүү аркылуу коомдогу өндүрүштүк инженерия практикасын жетектейбиз.

Өнөр жай инженерлери кайсы тармакта иштей алышат?

Өнөр жай инженерлери иштей турган жумуш орундары жана тармактар абдан көп. Ал өзүнүн жөндөмүнө, кызыкчылыктарына жана билимине эң туура келген дээрлик бардык тармактарда иштей алат.

Мамлекеттик сектор: Өнөр жай инженерлери Билим берүү жана илим министрлиги; Айыл чарба министрлиги; Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; Экономика жана коммерция министрлиги; Финансы министрлиги; Санариптик өнүктүрүү министрлиги; Энергетика министрлиги; Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ж.б.у.с уюмдарда иштей алышат.

Автоунаа сектору: Тойота, Хундай, Форд Отосан, Рено, Тофаш, Ман Түркия, Карсан сыяктуу автомобиль секторунда өндүрүш, өндүрүштү пландаштыруу, сатып алуу, логистика, адам ресурстары, сапатты башкаруу ж.б. аймактарда иштей алышат.

Тез керектелүүчү товарлар сектору: бул акыркы жылдары абдан популярдуу болгон сектор. Суусундуктар, шоколад, чипсы, балмуздак, шампунь, тазалоочу каражаттар  жана мындай продукцияны чыгарган, саткан башка компанияларда өндүрүштөн тартып сатууга чейин көптөгөн тармактарда иштөөгө болот.

Банк сектору: өнөр жай инженерлери банк тармагында абдан активдүү иштешет. Алар банктарда инспектордун жардамчысы катары же башкы кеңселерде жана филиалдарда чакан жана орто бизнести башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу, сатуу жана маркетинг сыяктуу тармактарда жумуш таба алышат.

Программалык камсыздоо жана маалыматтык технологиялар сектору: программалык камсыздоо сектору - бул өнөр жай инженериясынын жылдызы жаркыраган бөлүм. Эгер сиз өнөр жай инженери болсоңуз, программалык камсыздоо тармагында жумуш табуу кыйын эмес. Өнөр жай инженерлери көбүнчө программалык камсыздоону талдоочу, бизнес-аналитик, программалык камсыздоону сыноочу сыяктуу жумуштарда иштей алат.

Консалтинг сектору: консалтинг сектору өнөр жай инженерлери үчүн абдан популярдуу тармак. Бизнес-аналитик сыяктуу позицияларда иштей алышат.

Башка секторлор: саламаттыкты сактоо, транспорт жана жүк ташуу, соода, туризм, ишкердик ж.б. Өнөр жай инженерлери дээрлик бардык тармактарда иштей алышат.