2024-05-29


"Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системасы үчүн «Радиожыштыктарды башкаруу системасы» модулун иштеп чыгуу" темасында семинар өткөрүлдү.


2024-жылдын 17-январында саат 10:00дө Өнөр-жай инженерлиги бөлүмүнүн "Моделдөө жана оптималдаштыруу" лабораториясында "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системасы үчүн «Радиожыштыктарды башкаруу системасы» модулун иштеп чыгуу" темасында семинар өткөрүлдү. Баяндамачы Өнөр-жай инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Айбек Аданбаев болду. Семинарда баяндамачы байланыш секторундагы автоматташтыруу проблемасын жана алдыга коюлган маселенин этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча өз көз карашын көтөрдү. Тактап айтканда, А.М. Аданбаев жана Н.О. Шантаев тарабынан иштелип чыккан программалык продукт көрсөтүлдү. Ал, авторлордун көз карашы боюнча, байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын автоматташтырылган маалымат системасы үчүн модулдардын бири болуп саналат.