2022-11-22

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭӉ МЫКТЫ СТУДЕНТИ – 2022


Студент кезинен илим – билим, спорт, маданият, чыгармачылык жана жеке инсандык ийгиликтерди жараткан Кыргызстандын студенттери арасында «Кыргызстандын эӊ мыкты студенти – 2022» аттуу Республикалык сынак ɵттү.

2022-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында “Кыргызстандын эӊ мыкты студенти – 2022” Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрдүн катарында факультетибиздин Экологиялык инженерия бɵлүмүнүн 2-курсунун студенти Айдана Айтматова да «Эӊ мыкты студент» деген наамга татыктуу болду.

Сыйлоо аземинде студенттерге Ардак грамота жана төш белгилер тапшырылып, белектер берилди.

Факультетибиздин 2-курсунун студенти Айдана Айтматованы алган сыйлыгы менен куттуктап, мындан ары да окууда жана коомдук иштерде дагы көп ийгиликтерге жетишине тилектешбиз!