2025-11-10
2025-жылдын 7-ноябрында университетибиз тарабынан Азербайжан Карабаг Жеңиши менен байланыштуу эскерүү жана майрам иш-чарасы өткөрүлдү. Университет Социалдык Тесисинде уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Медер Абакыров, Азербайжандын Кыргызстандагы Элчиси Латиф Сейфеддин Оглу Гандилов, Түркиянын Бишкектеги Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, КТМУ Ректорунун орун басары профессор доктор Исмет Алтынташ, КТМУ Башкы катчысынын орун басары доцент доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил жана көптөгөн мамлекеттик жана академиялык кызматкерлер катышты.
Иш-чарада, Өнөр жай жана Көркөм искусство факультетинин Музыкалык бөлүмүнүн окутуучулары Огр. Гөр. Гөкхан Усал, Огр. Гөр. Несип Йылгын жана Огр. Гөр. Фатих Эренлер Азербайжан улуттук чыгармаларынан турган музыкалык динлети сунушташты. Динлети, Карабаг Жеңишинин маанисин жана баалуулугун чагылдырган үндөр менен катышуучуларга таасирдүү, эмоционалдык учурларды тартуулады.
Иш-чара, Азербайжан менен Түркиянын достук байланыштарын жана жалпы маданий мурастарыбызды музыка аркылуу баса белгилеген маанилүү окуя болду.