2025-11-15
2025-жылдын 11-ноябрында Өзбекстандын Коканд Мамлекеттик Университетинин Искусство жана Спорт факультетинин Ынструменталдык өнөр бөлүмү менен Кыргыз Республикасынын Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Сүрөтчүлүк жана Искусство факультети биргеликте “Өзбек–Түрк–Кыргыз Улуттук Ынструменттери мисалында Ынструменталдык Өнөрдүн Интеграциясы” аталышындагы эл аралык вебинарды уюштурушту.
Өзбекстан жана Кыргызстандан жалпы 11 академик катышкан иш-чарада түрк, кыргыз жана өзбек улуттук музыкалык аспаптары, аспаптык билим берүү жана органология боюнча баяндамалар жасалды. Мындан тышкары, ар кандай музыкалык аткаруулар программага кошумча түстү берди.
Иш-чаранын алкагында Сүрөтчүлүк жана Искусство факультетинин Музыка бөлүмүнүн башчысы, окутуучу Каргүл Тиленчиев комуз жана кыл кыяк аспаптары боюнча баяндама жасап, кыргыз музыкалык аспаптарынын тарыхый өнүгүшү, түзүлүшү жана аткаруу техникалары тууралуу маалыматтарды бөлүштү.
Факультетибиздин окутуучусу проф. д-р Куршад Гүлбейаз “Түрк Улуттук Ынструменттери: Зурна” аттуу баяндамасында зурнанын тарыхый өнүгүшү, түрк дүйнөсүндөгү колдонуу аймактары, түзүлүшү, аткаруу техникасы жана түрк музыкалык маданиятындагы орду тууралуу кеңири маалыматтарды берди.
Окутуучу Гөкхан Усал “Түрк Улуттук Ынструменттери: Канун” аттуу баяндамасында канун аспабын тарыхый өнүгүшү, түрк дүйнөсүндөгү түрлөрү, түзүлүшү жана аткаруу техникалары боюнча талдады. Усал ошондой эле кыска музыкалык аткаруусу менен катышуучулардын купулуна жагып кетти.
Вебинарда дагы бир баяндаманы окутуучу Рысбек Жумакунов өткөрүп, кыргыз улуттук дем алуучу аспаптары – чопо-чоор жана сыбызгы тууралуу маалыматтарды катышуучуларга сунуштады.
Вебинар суроо-жооп сессиясы менен жыйынтыкталып, иш-чара үч өлкө ортосундагы маданий жана академикалык кызматташтыкты чыңдагандыгы белгиленди.