2025-11-15


Бүбүсайра Бейшеналиева Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство Университетинин Ректору менен Өз ара Ынтымактуу Кездешүү Өткөрүлдү


2025-жылдын 14-ноябрында, Бүбүсайра Бейшеналиева Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство Университетинин Ректору Колдошев Тумонбай Рахманович менен биздин факультеттин жетекчилери жолугушту. Кездешүүгө факультет деканы проф. д-р Мехмет Өзкарчы, декандын орун басары доц. д-р Банү Эрдоган Чакар, Музыка бөлүмүнүн башчысы ок. бөл. башчысы Каргүл Тиленчиев жана Сахна искусствосу бөлүмүнүн башчысы ок. бөл. башчысы Гүлмира Тыналиева катышты.

Жолугушуу, искусство жаатында аткарылышы мүмкүн болгон кызматташтык иштерине биринчи кадам катары бааланды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын маданий жана илимий багыттарда биргеликте жүргүзө ала турган иштер талкууланды. Ректор Колдошев, жасалган сапардан абдан канааттанганын белгилеп, Манас университети менен азыркыга чейин түзүлгөн жакшы мамилелердин улантыларын айтты жана бул кызматташтыкты биздин факультет менен расмий түрдө бекемдөө зарыл экенин билдирди.

Факультетибиздин деканы проф. д-р Өзкарчы жолугушууда сүйлөп, “Ар дайым биргеликте иштөөгө даярбыз. Бир болсок, өлкөлөрүбүзгө жана Түрк дүйнөсүнө көбүрөөк кызмат кыла алабыз” деп кызматташтыкка болгон чечкиндүүлүгүн билдирди.

Жолугушуунун аягында Ректор Колдошев жаңы чыккан “Кыргыз Обондуу Ырлары Тарыхый-Маданий Контекстте” аттуу китебин биздин профессорлорго белек кылып берди жана жолугушуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

Жолугушуу, маданий жана илимий чөйрөлөрдө эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жагынан маанилүү кадам катары бааланды.