2025-12-04


«Түрк музыкасын аткарууда виолончелдин колдонулушу жана тарыхый өнүгүүсү» аттуу баяндаме өткөрүлдү


Факультетибизде Орхун алмашуу программасынын алкагында конок болгон Анкара Музыка жана Көркөм Сүрөт Университетинин Музыка жана Сахна Өнөрлөрү факультетинин Түрк Санат Музыкасы бөлүмүнүн окутуучусу д-р Адем Кылыч 21-ноябрь 2025-жылы “Түрк Музыкасында Виолончелдин Колдонуусу жана Тарыхый Өнүгүүсү” аттуу баяндамасын жасады.

Д-р Адем Кылыч түрк музыкасынын тарыхындагы виолончелдин өнүгүүсү, аткаруу практикасы жана репертуардагы орду тууралуу баяндай турган презентациясына факультетибиздин Музыка бөлүмүнүн окутуучулары Нечип Ылgın, Фатих Эренлер жана Гөкхан Усаал ар түрдүү куралдарда ойноо менен салым кошушту.

Баяндамада д-р Кылыч сахнада виолончел тууралуу түшүндүрмөлөрүн жандуу аткаруу менен бекемдеп, виолончелде да аткаруу жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө түрк музыкасынын ичинде виолончелдин трансформациясы, салттуу жана заманбап аткаруу ыкмалары, оркестралдык жана соло колдонулушу каралды. Д-р Кылыч аспаптын көркөм мүмкүнчүлүктөрүн жандуу аткаруу мисалдары аркылуу көрсөтүп, катышуучуларга кеңири музыкалык көз караш тартуулады.

Программанын соңунда д-р Адем Кылычка кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын факультет деканынын орун басары доц. д-р Бану Эрдоған Чакар тапшырды.

Иш-чара түрк музыкасынын аспаптык байлыгына жана виолончелдин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруусу менен маанилүү академиялык платформа түздү.