Графика бөлүмү 2009-жылы негизделген. Анын алгачкы бүтүрүүчүлөрү дипломдорун 2013-2014-окуу жылынын соңунда алышкан. Бөлүм негизделгенден бери 157 студентти бүтүрдү. 2025-2026-окуу жылына карата биздин бөлүмдө 95 студент окуусун улантууда.

Графика бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алуу адистик сынактын жыйынтыгы боюнча негизделет.

Адистик сынакка катышуу үчүн абитуриенттер университеттин кирүү сынагынан кеминде 100 балл алышы шарт.

Бөлүм төрт жылдык бакалавр даражасындагы программаны сунуштайт. Диплом алуу үчүн студенттер бардык курстарды ийгиликтүү аяктап, Жалпы саны 240 ECTS кредиттен турган сабактар топтомун ийгиликтүү аякташ керек. Экинчи жана үчүнчү курстарда өндүрүштүк практикадан жана төртүнчү курстан педагогикалык практикадан өтүү талап кылынат.

Окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.

Кафедранын миссиясы:

  • Кесиптик дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдоо,
  • Заманбап билимдерди жана көндүмдөрдү окутуу,
  • Эстетикалык табитти өнүктүрүү,
  • Оригиналдуу жана инновациялык дизайнерлерди тарбиялоо.

Муну ишке ашыруу үчүн студенттерге теориялык билим практикага айландырылган көп маданияттуу жана жемиштүү билим берүү чөйрөсү сунушталат. Программа Кыргызстан менен Түркиянын адистеринин катышуусу менен ишке ашырылат жана көркөм принциптерди заманбап технологиялар менен айкалыштырат.

Студенттер чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүшөт, көргөзмөлөргө, сынактарга жана дизайн долбоорлоруна катышышат.

Бүтүрүүчүлөрүбүз төмөнкүлөрдө иштешет: Жарнама агенттиктери, графикалык студиялар, медиа, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелер – дизайнерлер же көркөм өнөр боюнча консультанттар катары.

Педагогика сабагын өздөштүргөндөн кийин Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелерде окутуучулук иш алып барууга жана магистратурада академиялык карьерасын улантууга укук алышат.

Ага окутуучу
Максат Монолдоров

Бөлүм башчысы

Графика – бул жөн гана визуалдык байланыштын тили эмес, дүйнө тааным. Биз студенттерди эртеңки күндүн визуалдык образын калыптандырууга жөндөмдүү эркин ой жүгүрткөн жана чыгармачыл инсандар катары тарбиялайбыз. Биздин максатыбыз-тамырларыбыздан келип чыккан маданий байлыкты универсалдуу дизайн тилине айландыруу.