2018-03-02


Бренд жана Дизайн аттуу семинары


Кыргызстандын белгилүү дизайнери BRAND MASTER аты менен таанылган, ORMON BRENDING агенствосунун негиздөөчүсү жана креативдик жетекчиси Төлөбек Нурдинов 2018 жылдын 1-мартында Кыргыз – Түрк “ Манас ” университетинин Көркөм өнөр факультетинин студенттерине семинар өткөрдү.

                Ал семинарда “Бренд ” деген эмне? “Адам, өлкө, продукт кантип бренд болот” деген суроолор каралды.

Ошондой эле Кыргызстанда биринчи болуп кыргыз тилинде жарык көргөн “Бренд  деген эмне?” суроосуна жооп берген “Гений Тентек ” атуу китеби менен тааныштырып өттү.

Семинардын аягында Көркөм өнөр факультетинин декандын м.а. Доц. Анарбек Ибраев өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, мактоо баракчасын ыйгарды. Мындан ары да ушул сыяктуу семинарларды өтүп туруусун жана чыгармачылык иштерине ийгилик каалап кетти.