2018-03-02


Бренд жана Дизайн аттуу семинары


Көркөм өнөр факультетинде семинар

Кыргызстандын белгилүү дизайнери BRAND MASTER аты менен таанылган, Ormon Branding агенствосунун негиздөөчүсү жана креативдик жетекчиси, “ Гений Тентек ” атуу китептин автору  Төлөбек Нурдинов 2018 жылдын 1-мартында Кыргыз – Түрк “ Манас ” университетинин Көркөм өнөр факультетинин студенттерине семинар өткөрдү.  Семинарда деканыбыз  Доц. Анарбек Ибраев, Декан жардамчыбыз Себахаттин Сиврикая, Живопись бөлүмүнүн башчысы Фатих Башбуг, окутуучуларыбыз жана студенттер катышты.

Семинардын аягында Көркөм өнөр факультетинин декандын м.а. Доц. Анарбек Ибраев өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, мактоо баракчасын ыйгарды. Мындан ары да ушул сыяктуу семинарларды өтүп туруусун жана чыгармачылык иштерине ийгилик каалап кетти.