2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети менен Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Түрк-Казак университетинин Искусство, Медиа жана Дизайн факультетинин ортосунда онлайн жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор доктор Мехмет Өзкаржы, Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Түрк-Казак университетинин Искусство, Медиа жана Дизайн факультетинин деканы, окутуучу Дархан Нуржанович Элжанов, ошондой эле эки факультеттин бөлүм башчылары катышышты.
Жыйында буга чейин өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө каралган кызматташуу багыттары бөлүм башчыларынын пикирлери жана сунуштарынын негизинде кайрадан талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында эки факультеттин ортосунда көркөм жана маданий иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде көргөзмөлөрдү жана концерттерди өткөрүү, ошондой эле симпозиум, семинар, курс жана мастер-класстар сыяктуу илимий иш-чараларды биргелешип уюштуруу боюнча орток пикирге келишти.
Мындан тышкары, биринчи кезекте «Түрк дүйнөсүнүн социалдык илимдер журналы» баш болгон тармактык илимий журналдарда жарыялоо үчүн биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык кызматкерлердин жана студенттердин алмашуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө Орхон алмашуу программасынын жана университеттер аралык келишимдердин алкагында студенттердин мобилдүүлүгүн кеңейтүү эки окуу жайдын ортосундагы академиялык жана маданий байланыштарды чыңдоого чоң салым кошору белгиленди.
Жыйында ошондой эле Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн студентинин 2026–2027-окуу жылында Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Түрк-Казак университетинде билим ала тургандыгы кубануу менен кабыл алынды. Бул алмашуу программасы эки университеттин ортосундагы кызматташтыктын конкреттүү көрсөткүчү экени белгиленип, келечекте студенттердин жана окутуучулардын алмашуусун дагы кеңейтүү боюнча иштерди улантуу чечими кабыл алынды.
Өткөрүлгөн онлайн жыйын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети менен Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Түрк-Казак университетинин Искусство, Медиа жана Дизайн факультетинин ортосундагы көркөм, илимий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.


