Ага окутуучубуз Монолдоров Максат тарабынан "Г. Айтиевдин чыгармачылыгында этюддун орду" аттуу семинары өткөрүлдү
2025-03-17 | Иш-чара

Живопись бөлүмү 2007-жылы негизделген жана 2009-2010-окуу жылында биринчи студенттерди кабыл алып, билим берүү иштерин баштаган. 2013-2014-окуу жылында алгачкы бүтүрүүчүлөрү бүтүрүп, бүгүнкү күнгө чейин 84 студент бүтүрүп чыккан. 2025-2026-окуу жылынын маалыматы боюнча, бөлүмдө 90 студент окуусун улантууда.
Бөлүмгө студенттерди кабыл алоо атайын өзгөчө жөндөм (адистик сынак) сынагы аркылуу жүргүзүлөт. Адистик сынагына катышуу үчүн, абитуриенттер биринчи кезекте университетибиздин кириш сынагынан кеминде 100 упай алышы керек. Жогоруда айтылган баллга жеткен талапкерлер адистик сынагына катышуу укугуна ээ болушат. Талапкерлер сүрөт тартууда форманы кабылдоо, композиция, эстетикалык кабылдоо жана чыгармачылык көркөмдүк сыяктуу критерийлер боюнча бааланат. Биздин бөлүм бакалавр деңгээлинде төрт жылдык окуу программасын сунуштайт. Диплом алуу үчүн студенттер жалпы саны 240 ECTS кредиттен турган сабактарды алуусу жана алган бардык сабактарын ийгиликтүү аякташын талап кылат. Студенттер 2, 3 жана 4-курстарында өндүрүштүк жана педогогикалык практикадан өтүшү керек. Окутуу процессинде сабактар кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.
Бөлүмдүн миссиясы:
Бул максатка жетүү үчүн студенттерге негизги көркөм өнөр билими, сүрөт, май боёк менен иштөө, композиция, салттуу кол өнөрчүлүк, искусство тарыхы, заманбап искусство агымдары жана визуалдык маданият жөнүндө кеңири билим берилет. Окуу учурунда студенттер Кыргызстан менен Түркиядан келген тажрыйбалуу окумуштуулардын жетекчилиги астында жеке жана жамааттык чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Көргөзмөлөргө жана долбоорлорго катышуу менен университетибиздин көркөм өнөрдүк жана маданий өнүгүүсүнө салым кошушат.
Бүтүрүүчүлөрүбүз билим берүү мекемелеринде мугалим болуп иштөө менен бирге, искусство галереяларында, мадарий борборлордо, көркөм өнөр студияларында жана искусство уюмдарында сүрөтчү, куратор, дизайнер же искусство кеңешчиси катары иштешет. Алар алган сапаттуу билим, бүтүрүүчүлөрүбүзгө улуттук жана эл аралык деңгээлде искусство жетишкендиктерине жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ага окутуучу
Адилет ЖАНАПИЛОВ
Сүрөт, жөн эле бир туюнтма формасы эмес; ал ойдун, маданияттын жана идентитеттин кездемедеги чагылышы. Биз студенттерибизди искусство аркылуу ойлонгон, эстетика аркылуу сүйлөгөн өзүнүн түстөрү менен дүйнөнү кайра чечмелей турган сүрөтчүлөр катары тарбиялайбыз.