Бөлүмдүн мүнөздөмөсү: Окуу мөөнөтү – 4 жыл. Окуу процессинде студенттер окуу планында бекитилген предметтер боюнча төмөнкү багыттар боюнча өтүшөт: негизги сабактар, көмөкчү предметтер, жалпы гуманитардык предметтер. Студенттерди кабыл алуу атайын экзамендин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Жыл сайын 20 адамдан окуучуларды кабыл алуу. Окуу меенету 4 жыл. Окууну аяктагандан кийин АКТСтин 240тан кем эмес предметтерин бүтүргөн жана бардык модулдарды жана экзамендерди тапшырган студент окуу планын бүтүргөн деп эсептелет. Ошондой эле окуу процессинде студент окуу жайларында, маданият,
ошондой эле театрда жана телевидениеде практика аяктагандан кийин доклад тапшырышат. Кафедранын окуу планы мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайларынын искусство факультеттеринин кеңири таралган программаларынын негизинде түзүлгөн. Программа салттуу окутуунун жана заманбап окутуунун технологиялык жетишкендиктерин айкалыштырууга негизделген.

            Бүтүрүүчүлөргө коюлуучу талаптар: 4 жылдык окууда ар бир студент 240 АКТСтен кем эмес предметтерди алып, программада каралган бардык модулдарды жана экзамендерди тапшырышы керек.
Жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү: Театр бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү өздөрүн профессионал театр жана телекөрсөтүү артисттери, башталгыч жана орто мектептердин мугалимдери, ЖОЖдордун музыка жана театралдык бөлүмдөрүнүн мугалимдери, ошондой эле актёрлор, артисттер, режиссерлор жана лидерлер катары ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Үзгүлтүксүз билим берүү: бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү магистратура жана докторантурада окуусун уланта алышат.