2025-12-22
2025-жылдын 19-декабрында көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн окутуучусу: Проф.,докт:Жаныш Кулманбетов «Контексте талдоо - эмпирикалык жана илимий концепцияларды түшүнүүн ачкычы (театр-оюнзоок тарыхынын мисалында» аттуу илимий семинар өттү.
Семинарга көркөм өнөр факультетинин деканы Проф.,докт. Мехмед Өзкаржы, театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Тыналиева,мугалимдер жана студенттер катышышты.
«МАДАНИЯТТАН АРТТА КАЛУУЧУЛУК» – СОВЕТ БИЙЛИГИНИН САЯСИЙ МАНИПУЛЯЦИЯСЫ, ЖЕ БОЛЬШЕВИКТЕР ТАРТЮФТУН РОЛУНДА
Семинарда профессор, доктор Жаныш Кулманбетов театр тарыхына салттуу көз караштарды кайра карап чыгуу зарылдыгын терең илимий жана тарыхый аргументтер менен көрсөтүп берди.
«маданияттан артта калган эл» деген түшүнүк объективдүү илимий чындык эмес, большевиктик бийликтин саясий-идеологиялык манипуляциясы болгон деген ой болдугун Профессордун талдоосунда төмөнкү маанилүү ойлор айкындалды:
1926-жылы Пишпекте музыкалык-драмалык студиянын ачылышы кыргыз элин “маданияттуу кылуу” үчүн эмес, совет бийлигинин идеологиялык таасирин күчөтүү максатында уюштурулган.Театр большевиктер үчүн көркөм өнөр эмес, эң оболу агитациялык жана саясий курал болгондугу ошондой эле сабатсыздык жогору болгон коомдо театр эң таасирдүү массалык маалымат каражаты катары колдонулган. Большевиктер театр аркылуу элдин аң-сезимине таасир этип, душман образын жаратып, жаңы тоталитардык системаны бекемдөөгө жетишкен.«Маданияттан артта калгандык» деген концепция кыргыз элинин тарыхый өзүнчө өнүгүү жолун жокко чыгарган жана бүгүнкү күнгө чейин гуманитардык илимдерде сындалбай колдонулуп келе жаткандыгын ачык айкындап берди.
Профессор Жаныш Кулманбетов Семинар аркылуу студенттерге тарыхый мифтерди сынчыл ой жүгүртүү менен талдоо, даяр берилген версияларга ишене бербөө жана контекст менен ой жүгүртүү маданиятын калыптандыруунун маанисин жана театрды нейтралдуу искусство катары эмес, конкреттүү тарыхый контекстте бийлик, идеология жана саясат менен тыгыз байланышта карап чыгуу керек экенин далилдеп берди.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
