Кесиптик колледждин «Жакшылык тартуула» аттуу социалдык жоопкерчилик долбоору
2026-жылдын 2-октябрында Эл аралык улгайган адамдар күнүнө карата Кесиптик колледждин «Туризм жана мейманкана иши» программасынын биринчи курсунун студенттери программанын жетекчиси, доценттин милдетин аткаруучу Мадина Өзтүрктүн координациясы алдында «Жакшылык тартуула» аттуу социалдык акция өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында студенттер шаардын көчөлөрүндө жолуккан улгайган адамдарга азык-түлүк топтомдорун таратып, өз ара жардамдашуу жана тилектештик маданиятын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушту. Долбоордун максаты — студенттерде социалдык жоопкерчилик сезимин калыптандыруу, коомдук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо, ошондой эле улгайган адамдарга кам көрүү жана өз ара жардамдашуу маданиятын бекемдөө.
Кесиптик колледж студенттердин кесиптик даярдыгына гана эмес, алардын инсандык жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө да өзгөчө көңүл бурат. Ушул максатта социалдык жоопкерчиликти, гумандуулукту жана өз ара жардамдашуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар уюштурулуп келет.
.jpeg)

.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

