2021-09-06


“КУРМАНЖАН ДАТКА ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ ИНСАН АЯЛДАР” аттуу эл аралык симпозиумга катышууга чакырабыз


Кыргыз-Түрк Манас университети                                                Эгей университети

Гуманитардык факультет                                     Түрк дүйнөсүн изилдөө институту

Тарых бөлүмү

 

МААЛЫМАТ КАТ

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди

“КУРМАНЖАН ДАТКА ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ ИНСАН АЯЛДАР”

аттуу эл аралык симпозиумга катышууга чакырабыз

 

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмү (Бишкек) менен Эгей университетинин Түрк дүйнөсүн изилдөө институту (Измир) биргелешкен 2021-жылдын 10-декабрында аралаш форматта (оффлайн и онлайн) Измир шаарында “Курманжан датка жана белгилүү инсан аялдар” аталышында эл аралык симпозиум уюштурат. Симпозиум XIX к. аягы – XX к. башындагы Түркстан хандыктарынын коомдук-саясий турмушунда активдүү роль ойношкон: Курманжан датка, Жаркынайым, Надира бегим, Сонайым жана башка белгилүү аялзатынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүктөрүн чагылдырууга арналат.

Тарыхый, оозеки чыгармалардагы (дастан) жана мифологиялык аял каармандардын да изилдөөгө алынышы жана салыштырмалуу анализделиши кызыгуу жаратат. Мындан улам төмөндөгүдөй багыттардын айланасында талкуу болот.

Симпозиумдун негизги багыттары:

1. Курманжан датка кыргыз элинин белгилүү саясий жана коомдук ишмери;

2. Өтмүштөн мифологияга карай аял каармандардын типтери жана Курманжан датка;

3. Хандыктар доорундагы аялзатынын саясий ишмердүүлүгү (Жаркынайым, Надира бегим, Сонайым жана башкалар);

4. Түркстан хандыктары менен Осмон мамлекетинин коомдук жана саясий жашоосунда аялзатынын ролу;

5. Түркстан хандыктарындагы аялдардын саясий ишмердүүлүгүн чагылдырган булактар жана изилдөөлөр.

 

Симпозиум отурумдары YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Симпозиумдун катышуучулары үчүн жайгаштыруу жана тамак-аш маселеси уюштуруучулар тарабынан каржыланат, ал эми жол кире маселесин да алдыда чечүү аракети жасалууда. Так маалымат кийинчерээк берилет.

Симпозиумда сунула турган докладдар түрк жана кыргыз тилдеринде болоору күтүлүүдө, андыктан англис жана орус тилдериндеги докладдар да кабыл алынат. Англис жана орус тилдериндеги докладдарга синхрондук котормо кызматы көрсөтүлөт. Докладдар түрк жана кыргыз тилдерине которулуп, симпозиум китебинде жарыяланат.

Билдирүүлөрдүн темаларын жана тезистерин жиберүүнүн акыркы мөөнөтү 31-октябрь 2021-жыл. Симпозиумдун докладдарын убагында жөнөтүлүшүнө жараша 2021-жылдын ичинде китеп түрүндө жарыялоо максат кылынат.

 

Ардактуу илимий кеңеш

Проф. др. Алпаслан Жейлан (Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору)

Проф. др. Неждет Будак (Эгей университетитин ректору)

Проф. др. Анварбек Мокеев (Кыргыз-Түрк Манас университетинин проректору)

Проф. др. Ахмет Беше (Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин деканы)

Проф. др. Надим Мажит (Эгей университетинин Түрк дүйнөсүн изилдөө институтунун мүдүрү)

Илимий кеңеш

Проф. др. Эржан Алкая (Элазыг, Түркия)

Проф. др. Жээнбек Алымбаев (Бишкек, Кыргызстан)

Проф. др. Флора Сейфуллина (Казань, Татарстан/Россия)

Проф. др. Гулбану Жугенбаева (Алмата, Казакстан)

Проф. др. Санобар Шадманова (Ташкент, Өзбекстан)

Доц. др. Алпаслан Ашык (Бишкек, Кыргызстан)

Доц. др. Экрем Аян (Мугла, Түркия)

Доц. др. Незахат Жейлан (Бишкек, Кыргызстан)

Доц. др. Октай Өзгүл (Бишкек, Кыргызстан)

Доц. м.а. др. Роза Абдыкулова (Бишкек, Кыргызстан)

Доц. м.а. др. Исмаил Каллимжи (Мугла, Түркия)

Уюштуруу тобу

Проф. др. Жээнбек Алымбаев

Проф. др. Осман Каратай

Илимий кызматкер Али Балжы

Гүлназ Аскарбек

 

Урматтоо менен, уюштуруу тобу

Билдирүү темаларын жана аннотацияларын төмөндөгү

э-даректерге жибериңиздер:

Проф.др. Жээнбек Алымбаев: jeenbek.alymbaev@manas.edu.kg

Проф. Др. Осман Каратай: karatay.osman@gmail.com