Студенттик жашоо жана «Орто Азия» тарых клубу

Университеттин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн студенттери билим алуу менен гана чектелбестен Кыргыз-Түрк Манас университетинде жана башка окуу жайларда уюштурулган ар кандай илимий, спорттук, маданий иш-чараларга, ийримдерге активдүү катышышат.

Тарых бөлүмүндө «Орто Азия» тарых клубу иш алып барат. Бул клубга тарыхка кызыккан студенттердин баары мүчө боло алышат. Клубдун жетекчилиги астында жыл сайын семинарлар, интеллектуалдык оюндар, студенттик конференциялар, тегерек столдор, конкурстар өткөрүлөт. Ошондой эле «Орто Азия» тарых клубунун демилгеси менен тарыхый жерлерге, музейлерге, маданий борборлорго экскурсиялар уюштурулуп турат.