2021-07-19


Тоң районундагы курган жана турак-жай казуулары


2021-жылдын июль айынын биринчи жарымында Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору Проф. Др. Алпаслан Жейлан башында турган илимий топ Тоң районунда жайгашкан кургандарды жана турак-жайларды изилдеди. Изилдөө иштерине КТМУ баш катчысы Доц. Др. Октай Өзгүл, Тарых бөлүмү кызматкерлери Проф. Др. Кубатбек Табалдиев, Доц. Др. Незахат Жейлан, Доц. Др. Алпаслан Ашык, Др. Күнболот Акматов жана Археология, Социалдык Антропология магистрдик программасынын, Тарых бөлүмүнүн студенттери катышты. Археологиялык казуу иштери Ак-Терек айыл аймагы жетекчилигинин колдоосу менен Кызыл-Туу айылында ишке ашырылды.

Талаа иштеринин жүрүшүндө эки курган жана эки турак-жай изилденди. Сырткы конструкциясы жана формасы боюнча изилденген кургандар Кыргызстандын башка аймактарындагы жана коңшу өлкөлөрдөгү эрте темир доору кургандарына өтө жакын. Казуулардын натыйжасында кургандардын буга чейин тонолгондугу аныкталды. Алардын бирисинде таштан жасалган жаргылчак, экинчисинде чачылган айрым ат сөөктөрү табылды. Кургандарга алгач ат коюлганбы же анын кээ бир гана сөөктөрүбү, алдыдагы изилдөөлөр көрсөтөт. Бирок курганда ат сөөгүнүн кездешиши – кызыктуу факт болуп саналат. Буга чейин аткарылган изилдөөлөр көрсөткөндөй ат сөөктөрү эрте темир дооруна таандык кургандарда өтө сейрек учурайт; аларга караганда койдун сөөктөрү өтө көп кездешет. Пландалып жаткан ат сөөгүнүн радиокарбондук анализи кургандын курулуш мезгилин так аныктап берет.

Изилденген эки турак-жай узун-туурасы 19 м х 19 м жана 8 м х 7 м болгон төрт бурчтук формадагы конструкцияга ээ. Алардын таштардан курулган фундаменти гана сакталып калган. Турак-жайдын бирисинде бир бөлмө жана очок ачылды. Маданий катмардын жука жана табылгалардын салыштырмалуу аз учурашына караганда турак-жайлар кыска бир убакытка колдонулган. Турак-жайларда чопо идиштеринин сыныктары жана кашекти орното турган таш табылды. Табылгаларга караганда изилденип жаткан турак-жайлар эрте темир дооруна, тагыраак айтканда б.з.ч. I миң жалдыктын аягы – б.з. I миң жылдыктын башына таандык. Белгилей кетсек, Кыргызстанда кургандарга караганда турак-жайлар өтө аз изилденген. Бул жагдай Кыргызстан тарыхында аймактын эрте темир доору элдеринин чарбасы жана жашоо тарзы тууралуу бир жактуу пикирдин калыптануусуна себеп болгон. Акыркы жылдардагы изилдөөлөр дыйканчылыктын жана (жарым) отурукташкан жашоо тарзынын байыркы Кыргызстан үчүн жат бир көрүнүш болбогондугун көрсөтүп жатат. Кызыл-Тууда изилденген турак-жайлар буга бир күбө болуп саналат.

Бул илимий долбоордун алкагында Кыргыз-Түрк Манас университетинин Тарых бөлүмүнүн жана Археология, Социалдык Антропология магистрдик программасынын студенттери археологиялык практикадан өтүштү. Студенттер ар кандай типтеги археологиялык эстеликтер жана аларды изилдөө ыкмалары менен таанышып, теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдегенге мүмкүнчүлүк алышты.

ar.