2021-12-27


Юлий Сергеевич Худяков (08/12/1947 – 24/12/2021)


Новосибирсктен абдан кайгылуу кабар келди. 2021-жылдын 24-декабрында көрүнүктүү окумуштуу, кыргыз таануучу, тарых илимдеринин доктору, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору, Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун башкы илимий кызматкери Юлий Сергеевич Худяков 75 жаш курагында каза болду.

Юлий Сергеевичтин илимий мурасы эбегейсиз чоң жана ар түрдүү. Ал 40ка жакын монографиянын, 1400дөн ашык илимий жана илимий-популярдуу макалалардын автору. Алардын көбү археология жана тарых илиминин “алтын фондуна” кирген. Юлий Сергеевичтин эмгектери Орто жана Борбордук Азия, Түштүк Сибирь элдеринин археологиясынын, тарыхынын жана этнографиясынын ар түрдүү аспектилерине арналган. Бирок, окумуштуунун эмгектеринин басымдуу бөлүгү байыркы, орто кылымдар жана жаңы мезгилге тиешелүү көчмөн элдердин курал-жарактары жана аскердик ишине арналган. Бул изилдөөлөр классикалык жана эталондук эмгектерге айланды.

Юлий Сергеевичтин эмгектеринен улам бүгүнкү археологтор байыркы көрүстөндөрдүн жана мемориалдык комплекстердин хронологиясын жана этномаданий тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн курал-жарактар көбүрөөк колдонула баштады. Анын иштеп чыккан курал-жарактардын классификация жана типология принциптери азыркы археология илиминде кеңири таанылып, колдонулуп келе жатат. Окумуштуунун эмгектери менен археологтордун жана курал-жарак боюнча адистердин бир канча мууну өсүп, чоңойду. Юлий Сергеевичти «Сибирь курал-жарак таануу мектебинин» негиздөөчүсү деп атаса болот. Бул мектептин өкүлдөрү Орусияда гана эмес, Казакстанда, Кыргызстанда, Монголияда жана башка өлкөлөрдө эмгектенишет.

Кыргыздардын тарыхын жана археологиясын изилдөөдө Юлий Сергеевичтин кошкон салымы эбегейсиз. Анын кандидаттык диссертациясы биздин замандын VI-XII кылымдарындагы Энесай кыргыздарынын аскердик ишине арналган эталондук эмгек болуп саналат. Кийинки жылдары ал кыргыздардын байыркы, орто кылымдагы жана жаңы мезгилдеги тарыхы, аскердик иши жана этнографиясы боюнча бир нече монографияны жана жүздөгөн илимий макалаларды жарыялаган.

Юлий Сергеевич 20га жакын илимдин докторун жана кандидатын, 70тен ашык магистрди жана археология тармагындагы адистерди, анын ичинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларында иштеген 3 илимдин кандидатын жана бир нече магистрлерди даярдаган.

Юлий Сергеевичтин илимий эмгектери Кыргызстанда жогору бааланат. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү; илимге эмгек сиңирген ишмер; Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору; академик А. Алтымышбаев жана мүчө-корреспондент А. Табалдиев атындагы сыйлыктардын лауреаты болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин токтомдору менен Юлий Сергеевич «Данакер» (2002) жана III даражадагы «Манас» ордендери (2016) менен сыйланган.

Юлий Сергеевичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Тарых жана археология илимдери орду толгус чоң жоготууга учурады. Юлий Сергеевичтин жаркын элеси эсибизде түбөлүккө сакталат!

 

Юлий Сергеевичтин Кыргызстандагы кесиптештери жана шакирттери