2023-10-28


Проф. др Өмер Сонер Хункан жана проф. др Эркан Гөксу тарых бөлүмүнүн студенттерине семинар өтүштү.


 

 

Университетибизде уюштурулган Түрк элдеринин тарыхы жана түрк элдеринин байыркы доордогу илимдери” аттуу эл аралык иш-чарага келишкен проф. др Өмер Сонер Хункан жана проф. др Эркан Гөксу 2023-жылдын 6-октябрь күнү тарых бөлүмүнүн студенттерине семинар өтүштү. Караханиддер тууралуу баяндама жасаган Өмер Сонер Хункан, Караханиддер сөзүнүн этимологиясы жана түптөлгөндөн тартып кыйраганга чейин Караханиддер мамлекети жөнүндө айтып берди. Ал эми проф. др Эркан Гөксу Улуу Селжук империясынын тарыхтагы орду, селжуктардын исламды кабыл алуусу, селжуктардын Анатолияга келиши жана кыйрашы тууралуу сөз кылды. Катышуучулар семинарды абдан кызыгуу менен угушту.