2024-05-15


Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган студенттердин илимий конференциясы


2024-жылдын 13-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүндө  Кара Кыргыз Областынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өтмүшү жана бүгүнү» аталышындагы студенттердин илимий конференциясы өткөрүлдү. Тарых бөлүмүнүн башчысы т.и.д., профессор Ж.Алымбаев ачылыш сөзүндө Кара -Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын маанилүү дата экендигин белгиледи. Конференцияга тарых бөлүмүнүн студенттери А. Эргешова, С. Гүллү, Л. Талантбекова, Г. Толубай кызы, Н. Алимбаева, А. Тажидинова, Н. Акматова, Н. Абдилбакы кызы, К. Сабырбекова, Н. Канатова, А. Мамадалиева, Б. Масалбеков, Б. Данияр кызы Кыргызстандын совет доорундагы тарыхы боюнча мазмундуу баяндамаларды жасашты. Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.