2024-07-05
2023-2024 окуу жылы ичинде тарых бөлүмүнүн докторанттары өз изилдөөлөрү аркылуу илимге салым кошушту. 2023-жылдын аягында Гүлназ Аскарбек “Түркстан крайындагы уезддик шаарлардын социалдык-экономикалык абалы (XIX к. экинчи жарымы – XX к. башы)” аталышындагы диссертациясын ийгиликтүү жактады. Т.и.д., профессор Жээнбек Алымбаевдин жетекчилигинде даярдалган бул диссертациялык иште Россия империясы мезгилиндеги Кыргызстандагы шаарлардын абалы каралды.
2024-жылдын 24-июнунда докторант Эрай Амасья “Салттуу ишеним боюнча Кыргызстандын түндүгүндөгү ыйык жерлер” аттуу диссертациялык ишин ийгиликтүү коргоду. Кызыктуу илимий тыянактар чыгарылган Эрай Амасьянын илимий иши т.и.д., профессор Незахат Жейландын жетекчилигинде аткарылды. Диссертацияда кыргыздардын салттуу ишенимдеринин алкагында Кыргызстандын түндүк аймактарындагы ыйык жерлер изилденди. Изилдөөдө Кыргызстандын түндүк аймактарындагы ыйык жерлерге байланыштуу ишенимдер, каада-салттар аныкталып, илимий баа берилди. Докторант Эрай Амасья диссертациясында илимий эмгектердеги маалыматтар менен гана чектелбестен интервью жана сурамжылоо сыяктуу талаа изилдөөлөрүн да жүргүзгөн.
Гүлназ Аскарбек, Эрай Амасьяны жана илимий жетекчилери т.и.д., профессор Незахат Жейланды, т.и.д., профессор Жээнбек Алымбаевди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан ары да илимий ийгиликтерди каалайбыз!