2025-04-21
2025-жылдын 18-апрелинде Өзбекстандын Бухара Мамлекеттик Университетинин окумуштуулары тарых бөлүмүнө келишти.
Доц. доктор Бахтиёр Ризаев “Миграция факторунун Бухара шаарынын пайда болушуна тийгизген таасири” аттуу баяндамасында тарыхый Бухара шаарынын пайда болушу жана Бухара шаарынын калыптанышы тууралуу маалымат берди. Доктор Бахтишод Умаров “Бухара – Ислам маданият борбору” аталышындагы презентациясында Бухаранын Түркстандагы исламдын алтын бешиги болгондугун белгилеп, бул шаардан чыккан улуу илимпоздордун Түркстанда ислам дининин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берди. Доц. доктор Жахонгир Эргешов “Имам аль-Бухари жана Махмуд аз-Замахшари: алардын Ислам цивилизациясына кошкон салымы” аттуу баяндамасында Имам Бухаринин bслам дүйнөсүндөгү орду жана түрк дүйнөсүнүн өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымдарына токтолду.
Семинарлар суроо-жооп жана эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.