2025-11-10
2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде гуманитардык факультет тарабынан 7–8-ноябрь – Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө арналган эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Университетибиздин жетекчилери, окутуучулар курамы жана студенттер катышкан иш-чарада Ата-Бейит тууралуу тасма көргөзүлдү.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн биринчи проректор проф. Алмаз Ибраев эгемендүүлүктүн жана тарыхый изилдөөлөрдүн маанисине токтолду. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерди эскерип, студенттерди билим алуу менен ата-бабалардан калган баалуу мурастарды жоопкерчиликтүү улантууга чакырды. Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык бул күндүн ата-бабаларыбызга болгон ыраазычылыгыбызды билдирүү, алардын бизге калтырган баалуу мурастарын жашатуу жана аларды дагы бир жолу эскерүү үчүн белгиленген маанилүү күн экендигин белгиледи.
Иш-чарада “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинин жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Болот Абдрахманов “Ата-Бейит” эскерүү жайынын кантип табылгандыгын деталдуу айтып берди. Т.и.д., Б. Абдрахманов Кыргызстанда репрессияга кабылгандардын жалпы саны, алардын тагдыры, улуту, кесиби, жынысы, жашы тууралуу сөз кылды. Программа т.и.д., Б.Абдрахмановду Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “30 жылдык төш белгиси" менен сыйлоо жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.



