2025-12-05


"Мимар Синандын бейнеси" аттуу семинар өткөрүлдү.


2025-жылдын 2-декабрында Кыргыз-Түрк Манас Университетинде, Көркөм өнөр факультетинин деканы проф. др. Мехмет Өзкаржы бөлүмүбүздүн окутуучуларына жана студенттерине“Мимар Синандын бейнеси”  аттуу семинар өткөрдү.

Проф. др. Мехмет Өзкаржы адегенде дүйнөдөгү эң улуу архитекторлордун бири Мимар Синандын кыскача өмүр баяны тууралуу маалымат берди. Ал 400гө жакын архитектуралык курулуштарды курган жана эмгектери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк Маданий Мурас тизмесине киргизилген Мимар Синандын архитектор, инженер жана жер титирөө боюнча адис сыяктуу көп кырдуу инсан экенин баса белгиледи.

Семинарда Мимар Синандын эң маанилүү үч эмгегинен (Стамбулдагы Шехзаде мечити, Стамбулдагы Сүлеймание мечити жана Эдирнедеги Селимие мечити) боюнча мисалдар келтирилди. Проф. др. Мехмет Өзкаржы бул чыгармалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн жана алар камтыган символдук маанилерин кеңири түшүндүрүп берди. Ошондой эле Мимар Синандын көркөм өнөрүнүн тамыры Түркстан географиясына таянарын жана айрыкча Караханид архитектурасы менен окшоштуктарын белгиледи.

Семинардын соңунда Гуманитардык факультеттин деканы, проф. др. Алпаслан Ашык Мимар Синандын искусство тарыхындагы орду тууралуу сөз сүйлөдү. Андан кийин ал баалуу семинар үчүн проф. др. Мехмет Өзкаржыга ыраазычылык билдирип, ага сертификат тапшырды.